Menu

Кыргызстан үчүн УКМК Эл аралык «Касперский лабораториясы» менен «кибер калкан» түзүшөт

Бөлүшүү:

КР УКМК ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жардамы менен, маалымат коопсуздугу жана санариптик купуялык жаатында иштеген эл аралык «Касперский лабораториясы» компания менен киберкоопсуздук боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Салтанатка «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский жана КР УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев катышты.

Бул келишимдин артыкчылыктарынын бири – Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугунун комплекстүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Кыргызстан кибер коркунучтардын ар кандай рейтингдеринде көп учурда алдыңкы катарларда турат. «Касперский лабораториясынын» маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери, Кыргызстанда болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга, ал эми ар бир экинчи интернет колдонуучу-колдонуучунун аппаратына алынуучу маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү (локалдык) коркунуч деп аталган чабуулдарга туш болгон.

Үстүбүздөгү жылдын алты айында «Касперский лабораториясы» Кыргызстандагы “фишинг” баракчаларына кирүүнүн 60 миңден ашыгына бөгөт койгон. Адистер киберкылмышкерлер барган сайын уюмдарды бутага алып жатканын белгилешет. Мисалы, 2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда корпоративдик интернет колдонуучулардын 19% ы веб коркунучтарга, 42% ы жергиликтүү зыяндуу программаларга туш болушкан.

«Касперский лабораториясы» бул долбоорго улуттук масштабда киберкоопсуздук системаларын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча тажрыйбасы бар адистерди тартууну пландап, ошондой эле мамлекеттик маалымат системаларына каршы коркунучтар боюнча аналитикалык отчетторду берүүнү пландап жатат. Компания Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасынын маалымат системаларын жана ресурстарын коргоону көз карандысыз башкаруу боюнча өзүнүн техникалык компетенциясын калыптандырууга жардам берет. Бул үчүн семинарларды өткөрүү жана маалымат тутумдарын колдогон тутумдун администраторлору жана адистери менен дайыма консультация өткөрүү пландаштырылууда. Келишимдин алкагында талкууланган дагы бир кадам – тутумдук администраторлор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү программасын ишке киргизүү жана университеттердин биринде окуу борборун жана «Маалыматтык коопсуздук» классын ачуу.

«Бул келишим бизге пайда алып келет. Биз «Касперский лабораториясы» менен компьютердик инциденттерге жооп берүү боюнча кызматташтыкты бекемдеп жатабыз, анткени кызматташуу кибер коркунучтарга каршы күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу. Дүйнөдөгү киберкоопсуздуктун алдыңкы оюнчуларынын тажрыйбасы жана билими бизге мамлекеттик секторго, бизнеске жана жеке колдонуучуларга карата жасалган чабуулдарга каршы турууга жардам берет»-деди УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев. 

“Биздин портфолио салттуу антивирустук чечимдер менен чектелбейт. Биз ошондой эле татаал жана дайыма өнүгүп жаткан кибер коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн кибер иммундук технологиялардын жана кызматтардын кеңири спектрин иштеп чыгабыз жана жайылтабыз, анын ичинде инфраструктуранын маанилүү объектилеринде дагы.

Биздин эксперттер мамлекеттик деңгээлде маалымат коопсуздугун жогорулатууну жана республикага кибер коркунучтардан эффективдүү, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коргонууну ишке ашыруу үчүн КР УКМК менен иштөөгө кубанычта»,- деп кошумчалады «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: