Menu

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов $550 000 өлчөмүндө алдамчылык иши боюнча кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК мамлекеттик органдардын системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү, ошондой эле саясий коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча туруктуу негизде ишин улантууда.

КР жараны “А.Д.” БШКнын азыркы мүчөсү “А.Э.”ге карата чараларды көрүү боюнча КР УКМК арыз менен кайрылган. БШКнын азыркы мүчөсү “А.Э.”   “Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 000 АКШ доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 000 АКШ долларын жаран “А.Д.”га кайтарып беришип, калган 250 000 АКШ долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен  арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2021-жылдын 11-сентябрында “А.Э.”нын Кыргыз Республикасынын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Ошол эле күнү кылмыштын оордугун жана келтирилген зыянды эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө  “А.Э.”ны УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

УКМК алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий күчтөрдү шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилбестиги жана саясий коррупцияны жоюу зарылдыгына көңүлүн  буруулары керек деп эсептейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: