Menu

БШК: Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары (карта)

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялоодо.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:

  • шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
  • ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденди.

Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

карта.png

 

Облус Шайлоочулардын саны Округдардын саны
Бишкек шаары 428 599 4
Ош шаары, Ош облусу 898 569 9
Баткен 305 053 3
Жалал-Абад 686 364 7
Талас 163 109 2
Чүй 609 774 6
Нарын 209 101 2
Ысык-Көл 316 572 3
Баардыгы: 3617141 36

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары ушул шилтеме боюнча көрсө болот

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: