Menu

Кара-Көлдө машина уурдоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Кара-Көл ШИИБне 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган ВАЗ 2103 үлгүсүндөгү автоунаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам уурдап айдап кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Көл шаарынын тургуну 1994-ж.т. Т.Н. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: