Menu

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: