Menu

Исламбек Мойдинов Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 383 тескемеси менен  Мойдинов Исламбек Жанышович Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды.

И. Мойдиновдун өмүр баяны:

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган, ошондой эле 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Магистрдик программасын «менеджмент» багыты боюнча «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ

2003-жыл. — Адвокаттын жардамчысы

2006 – 2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик, юридикалык бөлүмдүн адиси, баалуу кагаздар рыногун талдоо, каттоо жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси, юридикалык бөлүмдүн алдыңкы адиси;

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, юридикалык бөлүмдүн алдыңкы адиси;

2007 — 2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, алдыңкы адис, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын көзөмөлдөө жана инвесторлор укугун коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2009-ж. — Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, камсыздоо компанияларынын методологиясы, мониторинги жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси;

2010-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти;

2011-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча топтун эксперти;

2012-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгү, эксперт;

2014-2021-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлдүн орун басары.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: