Menu

Адвокат: Курсан Асановду өзгөчө оор кылмыш жасагандардын абагына камамай болушту

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочулары ага өтө кооптуу кылмышкердей мамиле жасалып жатканын билдиришти.

Адвокат Икрамидин Айткулов 16-сентябрда Асановдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, чечим чыккандан кийин журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди:

“Абдан коркунучтуу кылмышкер катары №50 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарышты. Ал жерде өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалат. ИИМдин Тергөө кызматы бул иштин кайсы бир натыйжа менен аякташына кызыкдар болгондой көрүнүп турат. Асановго коюлган айыптын далили жок. Соттор, прокурорлор жактоочулар келтирген жүйөлөрдү эске албай жатышат. Кызыгы, тийиштүү негиз коюп четке да кагышпайт. Жактоочулардын жүйөсү жоктой түр көрсөтүп жатышат”.

Азырынча адвокаттын айтканына ИИМ комментарий бере элек.

Соттун чечими менен Асанов Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалмай болду. 2015-жылы №50 абакта отурган бир нече кылмышкер күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып чыгышкан.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деген аудио тараган.

Адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асанов фейк маалыматтын негизинде кармалганын жана күнөөсү жоктугун айткан.

15-сентябрда Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев кармалган. Ал да 16-сентябрда соттун чечими менен эки айга камалды.

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: