Menu

Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады.

Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырылды.

“Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар кеңири баарлашты. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты”, – деп айтылат маалыматта.

Барадар гуманитардык жардам үчүн Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирген. Ал Ооганстандын муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле өлкөнүн каржылык эсептери ачылбай жатканын билдирген.

Сүйлөшүү учурунда Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарыл экенин белгилеп, талибдерге өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү керектигин айткан.

Таалатбек Масадыков мындан тышкары Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.

Талибдердин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 23-сентябрда “Твиттерге” Амир Хан Муттаки Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушканын жазып, сүрөттөрдү жарыялаган.

Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып бийлигин орноткон. Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: