Menu

Тажикстанга алып кирип кетилген окуучулар Кыргызстанга кайтарылды

Бөлүшүү:

Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткен кыргызстандык эки мектеп окуучусу мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-сентябрда маалымат таратты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Баткен жана Согди облусунун башчылары, чек ара кызматтарынын аймактагы башчылары катышты.

Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда алып кетишкен.

УКМКнын баштапкы маалыматына ылайык, өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышкан.

УКМК өспүрүмдөрдү кармап кетүүгө Тажикстандын күч органдарынын катышы бар-жогу такталып жатканын билдирди.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү.

23-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен башка бир аймакта (Баткен районунда) мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан эки бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.

Чек арада быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон адам курман болуп, жүздөгөн имараттар кыйраган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: