Menu

Бишкекте эне-баланы салбай кеткен маршрутканын айдоочусу жумуштан алынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы энеси менен баласын маршруткага салбай кеткен айдоочунун окуясын териштирет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта териштирүүнүн жыйынтыгы менен жүргүнчүлөрдү албай кеткен айдоочуга чара көрүлүп, жумуштан айдалышы мүмкүн экени айтылат.

Мунун алдында шаардагы 203-машрутканын айдоочусу баласын ээрчиткен аялды унаага салбай кеткен видео социалдык тармактарга тараган. Анда айдоочу “коляска үчүн төлөйм” дегенине карабай маршруткага түшүп бараткан жүргүнчүнү эки жаштар чамасындагы баласы менен түртүп сыртка чыгарып салган.

Мэриянын басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу ушул маршрутту тейлеген “Бригадалар кеңеши” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси чакырылганын кабарлады.

Бир жарым жылдан бери дээрлик жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта кадимки тартипте иштей баштап, коомдук транспорттун жетишсиздиги дароо байкалган.

Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам шаарда каттаган маршруттук таксилердин саны эки жылда эки эсе азайганын билдирди.

Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштарда коомдук транспорттун жоктугунан окуучулар мектепке бара албай калганын жергиликтүү сайттар жазып чыккан.

Борбор калаада 1-ноябрдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттайт. Маршурткалар үчүн 15 сом, автобус жана троллейбустар үчүн 11 сом болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: