Кыргызстан Орусия жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн электр кубатын алат. Кайра кайтаруу келишими менен Казакстандан – 900 млн кВт/ саат. Ушундай эле келишим менен Өзбекстандан – 750 млн кВт/саат.
Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан 501 млн кВт/саат сатып алат. Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат.
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.
“ Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, “электр энергия керек болсо берели” деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар“, – деди Бекмурзаев.
Бекмурзаев Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болорун кошумчалады.
Ошентип, Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи – азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары алты гидроэлектро станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекте жана Ошто бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу тууралуу айтып келгени менен так даана макулдашкан долбоору жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ