Menu

Афганстандык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймакта жашайт жана кыш бул жерге эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү чаралары көрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: