Menu

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Бөлүшүү:

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Чүй облусу: 

–        Сокулук райондук сотуна: 

Садыков Болот Калыбекович;

–        Ысык-Ата райондук сотуна: 

Шабданбеков Болот Турарович;

–        Чүй райондук сотуна: 

Абдрасул уулу Бектур;

–        Токмок шаардык сотуна: 

Акбалаева Нурия Каинбековна;

– Ош облусу: 

–        Кара-Суу райондук сотуна: 

Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;

–        Ош шаардык сотуна: 

Максатбеков Султан Максатбекович;

Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;

– Жалал-Абад облусу: 

–        Жалал-Абад шаардык сотуна: 

Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;

– Бишкек шаары: 

–        Октябрь райондук сотуна: 

Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.

2021-жыл 5-октябрь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: