Menu

Депутаттар өкмөттүн кышка даярдыгын сындады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин отурумунда Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады.

Депутат Момбеков өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата маалыматын угуу ордуна жоопкерчилигин кароо керек деп билдирди.

“Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын күз ортолоп калганда кароонун кандай зарылдыгы бар? Бүгүн алардын даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек. Бир-эки күн суук болуп, кыламык кар жааганда кышка даярдык жок экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти”, – деди Момбеков.

Депутат Тазабек Икрамов электр жарыгы өчүрүлүп баштаганы көмүрдүн баасы жасалма түрдө көтөрүлүп, өкмөт аны көзөмөлгө албай жатканына токтолду.

Эл өкүлүнүн айтуусунда көмүрдүн бир тоннасы Бишкекте 4,5 миң, Караколдо 6 миң, Баткенде 7,5 миң сомдон сатылып жатат.

5-октябрда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Министрлер кабинети өлкөнүн кышка даярдыгы жөнүндө маалымат бербей жатканын айтып, сынга алган.

Азырынча Министрлер кабинети депутаттын сынына жооп бере элек.

Министрлер кабинетинин сайтында төрөга Улукбек Марипов өлкөдөгү ГЭСтерди кыдырып, аймактарга жолугушууларды өткөрүп күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип жатканы жөнүндө кабарлар чыгууда.

5-октябрдан баштап Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларга, үйлөргө жылуулук бериле баштаган.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда өкмөт Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: