Menu

Чолпонбек Абыкеев, Мамлекеттик катчы: “Мени жамандап жаздырып жаткан “заказчик” менен “балапан” жазмакерге эскертем, кызматтан алдырышыңар мүмкүн, бирок кызматтан кеткенден кийин абийириңерди айрандай төгүп, “күлчөтайлардын” жүздөрүн ачам”

Бөлүшүү:
КР Мамлекеттик катчысы болуп жаңыдан иштей баштаган Чолпонбек Абыкеев аны гезиттен сындап жаткандарга Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп жазды:
Мамлекеттик жетекчилик кызмат оюнчук болбошу керек.
Менин Мамлекеттик катчы кызматында иштеген ишим тууралуу интригалар күчөй баштаганына байланыштуу кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эгер жеке менин керт башыма асылган интрига оюндары жүрсө көңүл да бурмак эмесмин. Бул жерде жоюлуп кетип 11 жылдан кийин кайра пайда болуп жаңы иштей баштаган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын иши тууралуу далилсиз асылуулар болгондуктан гана кызматтын кадыр баркын коргоп жооп жазып жатам.
Эгемендүү мамлекетте жашаганыбызга 30 жыл болду. Менин журналисттик кызматка аралашып келатканыма 40 жылдан ашты. Эгемен жылдар башталгандан бүгүнкү күнгө чейинки “Журналисмин, калем кармап ой жазып жүрөм”- дегендер менен кол кармашып тааныш болбосом да сыртынан тааныйм. Кантсе да 15 жыл Кыргызстандагы биринчи эркин гезиттин башкы редактору катары калемгерлердин кимиси кандай стилде жазарын да билем. Кризистик жылдардагы оор турмуш, күнүмдүк жашоого болгон муктаждык жалданма, акча төлөсөң кимди да болсо көөлөп, жамандай берүүчү журналисттерди жаратты. Муну деле туура түшүнөм. Мен үчүн ММК интрига жаңылык эмес. Жалдап жаздырган макалалар жаңылык эмес. Ал макалалар кандайча чыкты? Кимдер чыгартты? Тактап сурап отурбай эле билем. 40 жыл журналистиканын казанында кайнасаңар силер да билип каласыңар. Ошондуктан мен жөнүндө эч бир далили жок жамандаган макалаларды ирээти менен байма-бай чыгарып келаткан гезиттин баш редакторуна телефон чалып да кайрылган жокмун. Ага мени “заказ” кылган адамды жамандаган макала чыгар деп акчасын төлөсөм эртең мени көөлөгөндөн да жаманын токтолбой чыгарат. Анткени алар токочту ошентип таап жейт.
Бул макала аркылуу “заказчикке” анан анын айтканын аткарып чуркап жүргөн, эне сүтү оозунан кете элек “балапанга” эскертет элем. Мага мындай интригалар өтпөйт. Буга чейин эк-үч адамды ушундай “жугунду куймай” оюну менен “сындырып” коюп, ушинтсек болот тура деп калдыңарбы. Мага келгенде ал оюн болбойт. Кызмат “колдун кири” кетсе кете берем. Бирок кеткенден кийин абийириңерди айрандай төгүп силердей “күлчөтайлардын” жүздөрүн ачып коем. Шермендеңер чыгып, мамлекеттик кызмат эмес жөн иште иштешке моралдык укугуңар калбай калат. Кызматтан алдырышыңар мүмкүн бирок өмүрү калемимди колумдан ала албайсыңар. Силердин арам оюнуңардан мамлекеттик кызматтын кадыр баркына доо кетип жатат. Силердин арам оюнуңардын азабынан Президенттин кадр саясатынын баркына доо кетип жатат. Силердин жеке кызыкчылыгыңар үчүн мамлекеттик кызыкчылык садага чабылып жатат. Мамлекеттик жетекчилик кызматтарды жеке кызыкчылыгыңар үчүн оюнчукка айландырганыңар акыл денгээлиңердин өтө төмөндүгүнөн болууда.
Мамлекеттик катчынын орду 11 жылдан кийин кайра түзүлүп барын жаңыдан баштап иштей баштады. Даяр орунга отуруп ишти алып кетиш оңой. Ал эми жоктон бар кылып түзүш кыйын. Ошондо да 3 айда барын түзүп ишке киргиздик. Аны 100 күндүк отчетумда толук жазам. Муну жазбасам деле болмок бирок жаңы түзүлүп иштей баштаган кызматтын кадыр баркына доо кетишин каалабайм. Ошондуктан эсиңерге келгиле деген эскертүү катары жаздым.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Ч. Абыкеев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: