Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары ушул жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарындагы “Достук” кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен жеке адамдардын катышуусуна КР УКМКнын төрагасынын туугандык тиешеси бар экендиги тууралуу жалган маалыматтарды жарыялашкан.
Кыргыз Республикасынын УКМК Басма-сөз борбору, аталган жаңжалды уюштурган адам КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин тууганы эмес экенин жана ага эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Ырасталбаган мындай түрдөгү маалыматтар аркылуу КР УКМКнын төрагасынын атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында болууда.
Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
КР УКМК атайын кызматтын аркасына жашырынып жана КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев менен туугандык байланышта болуу боюнча жалган иш аракеттерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ