Menu

УКМК: Абдан маанилүү керектелүүчү дары-дармектердин жалпы баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүнө жүргүзгөн талдоонун алкагында, калкка керекелүүчү даары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана баага таасир этүүчү бир катар көйгөйлөрдүн бетин ачты.

КР УКМК мекемелер аралык жумушчу тобу жана өлкөнүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү изилдөө, калкка керектелген дары -дармектердин жана баасын төмөндөтүү жана ошондой эле бирдиктүү мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана эффективдүү чараларды кабыл алуу боюнча талдоо жүргүздү.

Муну менен катар, КР УКМК өлкөгө дары-дармектерди импорттоо,  кайра калкка ашыкча жогорулатылган баада сатуу, фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Аталган бул компаниялар тобу, көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, алардын колдоосу менен, салык төлөөдөн качуу, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашыруу максатында жана андан ары дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталды.

Бул факт боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМКти Министрлер Кабинети менен биргеликте, абийирсиз жеткирүүчүлөргө карата мыйзамдуу чараларды көрүү, дары-дармектерге баа саясатын мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу жана алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди активдүү түрдө улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: