Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР жараны “К.К.” камалды.
2021-жылдын 14-октябрында Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын автоунаасынан салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты (гашиш) табылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы учурда ушул баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ