Menu

Кыргыз аймагындагы Сох анклавында өзбектер аэропорт куруп бүтүрүштү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жаңы аэропорттун курулушу аяктады.

Фергана облустук акимчилиги жалпы аянты 7 гектарды, учуу-конуу тилкесинин узундугу 700 метрди түзгөн аэропортто жакында сыноо иретиндеги учуулар аткарыла баштай турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, курулуш иштерине дээрлик 7 миллиард сум жумшалган аэропортто күтүү залы, тамактануу, соода кылуу жана эс алуу жайлары, ошондой эле учуу-конуу тилкеси бар.

350 чарчы чакырым аянтты ээлеп турган Өзбекстандын Сох району Кыргызстандын Баткен облусу менен курчалып турат. Өзбекстандан Сохко баруу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу болжол менен 20 чакырымдай жол жүрүүгө туура келет.

Анклавды Өзбекстандын негизи аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан унаа жолу 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан кийин бир тараптуу жабылган. Быйыл апрелде аталган жолдогу “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылып, жүргүнчү ташыган унаалар өткөрүлө баштаган. Азырынча бул бекеттер аркылуу жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат жок.

Сох районунун жана аны менен чектеш кыргыз айылдарынын тургундарынын ортосунда турмуш-тиричилик маселелерине байланыштуу жаңжалдар болуп келет. Алардын акыркысы 2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Сохтун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуядан кийин эки өлкө ортосундагы чек ара жабылып, Сохтун жашоочулары блокадада калган.

Кийинчерээк Өзбекстанда “2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу” президенттин токтому кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: