Menu

Бишкектеги жапырт уулануудан улам бардык коомдук тамактануу жайлары текшерилет

Бөлүшүү:

Бишкектеги кафелердин биринде адамдардын жапырт ууланышына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салган токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

“Тамак-аш азыктарын сактоочу, ташуучу жана сатуучу объектилерде тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча техникалык регламенттеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө киргизилген мораторий алынып салынды”, – деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 120га жакындады. Кайрылгандар “Империя пиццынын” кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан. Уулангандардын арасында жаш балдар да бар. Ооруканада 14 бала жатат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, жапырт ууланууга байланыштуу “Империя пиццы” кафесинин Бишкектеги бардык тармактары убактылуу жабылды. Эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип жатат.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: