Menu

Соттолгон мурдагы бажычы Ражабалиев депутаттыкка талапкер болуп катталды

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажы кызматкери Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги Ражабалиевдин соттуулугу жоюлганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган.

Ал тергөө менен кызматташып Бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 млн. сом төгүп берген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: