Menu

Таалайбек Бектенов: Көмүр ташып жеткирүү боюнча казак компаниясы менен келишим түзүү иштери жүргөн жок

Бөлүшүү:

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) эски буу казандарды тейлөө жана байытылган көмүр менен камсыздоо үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок.

Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын директору Талайбек Бектенов 3-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Бишкек ЖЭБинин эски буу казандары башкарууга берилет деген кагаз бизге түшкөн эмес. Казакстандык Hampton Resources Limited компаниясынан тендер аркылуу 7 миң тонна көмүр алып жагып көргөнбүз. Илимий институт көмүрдүн күйүшү боюнча тыянагын чыгарган. Жалпысынан көмүр күйөт, бирок ташып келүү жана сактоо маселе жаратат. Буга чейин жагып жүргөн көмүргө караганда күлү көп чыгат. Бул көмүрдү дагы жакшылап билүү үчүн узак убакыт жагып көрүш керек”, – деди Бектенов.

Буга чейин Министрлер кабинетинин Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) көмүр менен камсыздоо жана буу казандарын тейлөө үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу Энергетика министрлигине жөнөткөн тескемеси жарыяланган.

Президенттин расмий сайтына аталган тескеме тууралуу түшүндүрмө жарыяланып, анда казакстандык компания менен келишим түзүү жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана ыш маселесин чечүү максатында жүрүп жатканы айтылган.

Hampton Resources Limited компаниясы тууралуу маселе 20-октябрда парламент отурумунда дагы көтөрүлгөн. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча так жооп бере албай, болгону жумушчу топ түзүлүп иштеп жатканын айтуу менен чектелген.

Ал эми Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев казакстандык компания менен келишим түзүү маселеси чечилгенин, техникалык жагдайларды гана сүйлөшүү калганын айткан.

3-ноябрга чейин Бишкек ЖЭБине Кара-Кечеден 210 миң тонна, Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген. Учурда Бишкек ЖЭБинде 203 миң тонна көмүр бар.

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот.

Жайында Казакстандан импорттолчу көмүр боюнча тендерди казакстандык компания утуп, 643 миң тонна Кара-Жыранын көмүрүн алып келери белгилүү болгон.

Октябрдын башындагы маалыматка ылайык, борбордо 281 миң тонна көмүр бар болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: