Menu

Президент Садыр Жапаров ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ТМККнын алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи. Ал Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров алдыда өтүүчү саммит, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирди.
Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турган күтүлүүчү маселелер тууралуу кеңири айтып берди.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТМККнын Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: