Menu

Баткенде 102 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ашир Рахматов оо дүйнө салды – некролог

Бөлүшүү:

Бүгүн 11-ноябрь күнү биздин Баткен эли үчүн, жалпы эле кыргыз эли үчүн оор жоготуу болду. 

Биз  сыйлаган, урматтаган, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Баткен облусунун ардактуу аксакалы, Ашир Рахматов ата 102 жашында , оо дүйнө салды. 

Бул кабар ар бирибиз үчүн оор болду. Анткени ардагер атабыздын   арабызда болушу, бизге дем жана күч берип, элибизге зор дөөлөт эле.

Биздин жаркын келечек үчүн, согуш отун кечип, кан майданда күрөшкөн атабызга урмат сый көрсөтүү, биз үчүн чоң сыймык эле. 

Советтик армиянын буйругу менен Ашир Рахматов 20 жашында согушка жөнөп, ошол жылдын август айында Эфан шаарын коргоого катышкан. Ашир Рахматов ал учурда аскердик кызматын өтөп жүргөн. Барган жылы эле бутунан жараат алат. Бир жылга чукул убакыттан кийин Урал шаарындагы 159-дивизиянын даярдоосунан өтүп кайра эле майданга аттанган.1944-жылы кармашууда экинчи ирээт жараат алып өз мекенине кайтат.

Ашир Рахматов согуштан кийин билим берүү тармагында эмгектеген. Жетекчилик кызматтарын да аркалаган

Биздин бүгүнкү бакубат жашообуз, аталарыбыздын  жаратман эмгеги, согуш талаасында көрсөткөн кажыбас мээнетинин акыбети.   

Сиздин мекен алдындагы кайратман  эрдигиңиз үчүн   баш ийип  таазим этебиз!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. 

Сиздин эрдигиңиз эч качан унутулбайт, жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат!

Атанын үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 

Аза кайгысын тең бөлүшөбүз. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары М.Туллаев, орун басары Ж.Исаков, орун басары А.Мурзаева, аппараттын жетекчиси А.Ураимов  жана аппараттын кызматкерлери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: