Menu

Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулатуунун алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, атап айтканда, энергетика объектилерин, социалдык, бюджеттик тармактарды жана калкты отун менен камсыздоо, ошондой эле күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана отун менен камсыз кылууда пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, жылытуу мезгилин сапаттуу өткөрүү үчүн бардык маселелерди иштеп чыгуу зарыл.

«Негизги милдет – калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана отун менен камсыздоо. Учурда чиновниктердин шалаакылыгынан улам республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, республиканын бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында камдоо электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле аткарылган иштердин сапаты жана жылытуу мезгилин уюштуруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине басым жасап, кышка даярдык жаз айларында башталышы керектигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБин керектүү көлөмдө көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана калк арасында электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи, ошол эле учурда Акылбек Жапаров керектөөчүлөрдүн жана социалдык объектилердин электр жарыгын өчүрүүгө жол берилбеши керектигин кошумчалады.

«Ар бир электр энергиясын өчүрүүнүн артында электр жарыгысыз калган биздин керектөөчүлөр турганын унутпашыбыз керек. Өчүрүүлөр болбошу тийиш, бардык күч-аракет электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталышы керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги астында көмүрдүн баасын атайылап жогорулатып жиберүүгө жол бербөө жана зарыл болгон учурда жеке ташуучулар тарабынан көмүрдү жол жээгинде жогорулатылган баада сатууга тыюу салууну киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

«Быйылкы жылдын күз-кыш мезгилине даярдык экономиканы коронавирус инфекциясынын кесепеттеринен калыбына келтирүү, электр энергиясын керектөөнүн жана жабдууларга болгон жүктөмдөрдүн жогорулашы шартында өттү. Ошого карабастан биз күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу өткөрүү боюнча элдин алдында милдеттенме алдык, аны аткарууга милдеттүүбүз. Тармактык мамлекеттик органдардын бардык күч-аракети ушуга багытталууга тийиш», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: