Menu

Манас Осмон, журналист: “Биздей, баарына эле ызылдай берген элге башчы болгон адам бактысыз”

Бөлүшүү:
2006-жылда Нахчеван шаарында түзүлүп, бирок, ошондон бери АКШ, Орусия жана Кытайга жалтактаган бир уюм бар эле. Муну түрк мамлекеттеринин кызматташтык уюму деп атап алганыбыз менен дүнүйөнүн булуң- бурчтарында азап тарткан, кырылган, түрмөлөрдө чириген кандаштарыбыз толтура. Арийне, биз сөз кылып жаткан уюм буларга билдирүү таратып гана чектелет. Анан, кызмат ордулары да, саясий. Бир саясатчы жумушсуз калганда бара турган жери Түрк Кеңеши же, анын курамындагы Түрксой, ТүркПА сыяктуу уюмдар.
Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Түрк Кеңешинде төрага орун басарлык кызматында отурат. Сөзүбүз ал кишиге эмес, системага.
Ушул жумада кыргыз ажосу да, Түрк тилдүү мамлекеттердин президенттеринин жыйынына жөнөп кетти. Жупуну бир учактан кол булгаламыш болду. Жакшына учак менен уят болбой баралы десе, ага да ызылдайт экенбиз. Эл аралык мамилелерди түзүү үчүн баратканда түзүгүрөөк барыш керек. Бирок, арга жок, биздей элге башчы болгон адам бактысыз. Ошентип, Түркчө сүйлөгөн элдердин ажолору кеңешме куруп, кызматташтык деген сөздүн башын шылкыйта чаап, түрк мамлекеттердин уюму деп өзгөртүп коюшту. Ажону коштоп баргандар ушул боюнча кеңири маалымат да, бералышкан жок. Эми бул уюмдун колунан эмне келет, эмне келбейт көрө жатаарбыз.
Мени таң калтырганы: Уюмдун ичинде “аксакалдар кеңеши” деген бир уюм пайда болуп, ага Бинали Йылдырым деген жашы 70 ти таяп калган бирок, сакалы жок карыя аксакалдар кеңешинин аксакалдыгына дайындалды. Бул киши Улуу Түрк парламентинин жыйынында депутат, көп жыл транспорт министри жана Түрк өкмөтүнүн премьер-министри кызматтарын аркалады. Р. Т. Эрдогандын курдашы, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясын кургандардын бириси эле. Өзү жана баласы жөнүндө түрк коомчулугунда ар кандай аңыздар бар. “Аксакалдар Кеңешинин аксакалы” деген ардактуу орун саясатта болбогон, Түрк дүйнөсү тегиз сүйгөн, дүйнөлүк кадыр баркы бар кишилердин орду эле. Мисалы, Чыңгыз Айтматов. Бүгүн ал киши жок бирок, Олжас Сулейманов, Мухтар Шаханов бар. Мындай кадырлуу инсандар башка Түрк тилдүү өлкөлөрдө аябай көп эле. Менимче, издеген жана сунуштаган адам болбоду!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: