Menu

Эркин Салымбеков бюджетке 100 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

КР УКМК ЕАЭБ өлкөлөрүнө мекендик айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Мурда маалымдалгандай, КР Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомствосунун башчысынын орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары жеке менчик ишканалардын биринин ээси “С.Э.”  менен бирдикте кармалып, сот жообуна тартылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү “С.Э.” келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны  эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: