Menu

“Мекен таануу” предмети боюнча 3-класс үчүн жумушчу дептерде Баткен областынын контурларынын сүрөтүндөгү так эместиктер боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Мекен таануу” предмети боюнча 3-класс үчүн жумушчу дептердеги Баткен областынын контурларынын сүрөтүндөгү так эместиктер боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

“Мекен таануу” предмети боюнча 3-класс үчүн окуу китеби 2014-жылы курамына Бухова Е.А., Солошенко О.В., Шаповалова Е.П. кирген автордук жамаат тарабынан «Аркус» басмасы» ЖЧК менен биргеликте иштелип чыккан.

Ошол эле жылы 3-класстын окууучулары үчүн “Мекен таануу” окуу китебинин предметтик стандартка ылайык келер-келбесин Кыргыз билим берүү академиясы карап чыккан. Аталган окуу китебине карата жумушчу дептер 2018-2019-жылдары ошонун негизинде иштелип чыккан.

«Аркус» басмасы» ЖЧКнын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланышкан: https://ru.depositphotos.com/vector-images/карта-кыргызстана.html

Окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу максатында 2020-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөн.

“Окуу китеби” борбору авторлор, илимпоздор жана басмалар менен иштешип, жаңы окуу китептеринин мазмунунун сапаты үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат.

Авторлор басмалар менен чогуу даярдаган окуу китептери эми экспертизанын 4 түрүнөн: илимий экспертизадан, илимий-педагогикалык экспертизадан, антидискриминациялык жана гендердик экспертизадан өтүшөт, аталган үч экспертиза боюнча оң пикирлер алынган шартта окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт.

Окуу китеби экспертизалардын бардык түрлөрүнөн өткөндөн кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат. Андан кийин “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталды” деген грифти алуу максатында коллегияда кароо үчүн окуу китеби министрликке жиберилет.

Окуу материалынын сапатын жогорулатуу жана мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жана так эместиктерин жоюу үчүн “Окуу китеби” борбору аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөт.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу “Мамлекеттик картография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кетирилген кемчиликтерди жоюу жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле министрлик тарабынан колдонуудагы окуу китептеринде жайгаштырылган карталарга кайрадан экспертиза жүргүзүү демилгеленди.

Андан тышкары аталган окуу китебине жана жумушчу дептерге жүргүзүлгөн экспертизанын жагдайларын айкындоо боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Sulayman Kayıpov
2 years артка

Биринчиден, мындай нерсеге жол бербеш керек болучу. Автордук жамааттын бул кылган иши жөн-жай кетирилген ката деп ойлобойм. Экинчиден, текшерүүдөн өткөргөн бир тогуз инстанциянын биринде да жоопкерчилик жок экени шексиз. Өлкөнүн картасы түшүрүлгөн окуу материалында мындай ката кетирүү чыккынчылыкка тете. Үчүнчүдөн бул маселени мынтип жазып, баары-жокко жарыялабай, тиешелүү органдар жабык иштеши керек болучу. Деги биз качан адам болобуз, бир нерсени түшүнөбүз, билбей калдым…

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: