Menu

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Алсак, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

-Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору – Айтен Рустамова;

-Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси – Габриэла Геллил;

-Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси – Оливье Бангертер;

-АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору – Фред Хьюстон -.

Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы –Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;

-Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович;

-Кыргыз Республикасынын энергетика министри – Бекмурзаев Доскул Джумагулович;

-Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри – Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

-Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы – Новиков Артем Эдуардович;

-Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: