Menu

УКМК: Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштурган

Бөлүшүү:

2021-жылдын 8-декабрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы “И.А.Дж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган башчы “И.А.Дж.” жашаган жери Чолпон-Ата шаары, Ж.Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.

Белгилей кетсек, “И.А.Дж.” узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен  пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: