Menu

“Манас” эл аралык аэропорту 2021-жылдын 10 айында 3 миллион 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Башкармалыктын Төрагасы – “МЭА” ААКнын Генералдык директору Бакыт Октябрович Шаршеев бүтүп бараткан жылдын жетишкендиктери жана келечектеги пландары тууралуу маек курду. 

 – Бакыт Октябрович, 2021-жыл кандай жетишкендиктер менен жыйынтыкталып жатат?

   2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы “Манас” эл аралык аэропортунун ишин солгундаткан. Бирок бул жылы биз алдыга жылып, бардык каттамдарды жандандырып, андан сырткары жаңы багыттарды жана жаңы каттамдарды ача алдык. Жаңы авиакомпаниялар менен кызматташа баштадык, бул өз кезегинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу каттамдардын көбөйүшүнө жана албетте, ишкананын кирешесинин өсүүсүнө алып келди.  

Сан менен айта турган болсок, 2021-жылдын 10 айында “МЭА” ААКсы 3 миллион 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 2,7 эсеге өскөн. 2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 432 каттам аткарылган. Кошумчалай кетсек, 10 айда кайра иштетилген жүктүн көлөмү 19551,1 тоннаны түздү.

– Бүгүнкү күндө учуулардын географиясы канчалык кеңейди?

Жалпысынан “МЭА” ААК аэропортторунун каттамдарынын тармагы 25 багытты камтыйт: эл аралык авиалиниялар боюнча 19 багыт жана ички каттамдар боюнча 6 багыт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө биздин “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунан бүгүнкү күндө Россия багыты боюнча, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар – Москвага, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермге, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башкаларга каттамдар аткарылып жатат.  Мындан тышкары республика ичиндеги ички каттамдардын саны көбөйтүлдү. Алсак, “Жалал-Абад”, “Баткен” жана “Исфана” аэропортторунан жумасына 3 каттамга чейин учат, муну менен жүргүнчүлөргө өлкөнүн алыскы аймактарынан Кыргызстандын борборуна 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 – Кандай жаңы багыттар ачылды?

Мен жогоруда айткандай, бизде Россиянын көптөгөн шаарларына  каттамдар бар. Бирок биз пандемия учурунда токтотулган башка каттамдарды да жандандырдык. Маселен, Мешхедден (Иран), Кувейттен, Шарджадан (БАЭ) жана Делиден (Индия) алгачкы каттамдар “Манас” аэропортунан тосуп алынган. Ошондой эле, Минск-Бишкек багыттары боюнча дагы жаңы каттамды тейледик. “Ош” аэропортунда Красноярск жана Алматы (Казакстан) шаарларынан каттамдар жандандырылды. Ошондой эле 8 жылдык тыныгуудан кийин Стамбулдан (Түркия) жаңы каттам ачылды.

Бүгүнкү күндө биз төмөнкү авиакомпаниялар менен иштешип жатабыз: “Уральские авиалинии”, “Сибирь”, “Varesh Airlines”, “Jazeera Airways”, “Air Arabia”, “Икар”, “SCAT”, “Узбекские авиалинии”, “Аэрофлот”,  “Тез Джет”, “АвиаТраффик Компани”, “Эйр Манас”, “Северный ветер” (Nord Wind), “Россия”, “FlyArystan”, “Аэро Номад Эйрлайнс”. 

Жогоруда аталган авиакомпаниялардын бардыгы чартердик жана үзгүлтүксүз каттамдарды аткарышат. 

 – “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда каттамдар көбөйгөнүн да билебиз.  Кененирээк токтоло кетсеңиз.

Ооба, бул жылы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун көрсөткүчтөрү жогорулады. Мурда ал туристтик сезондо гана иштесе, азыр учактар ​​жыл бою 24/7 режиминде учат. Жыл башында аэропорт жумасына бир гана каттамды аткарса, азыр Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана Россиянын башка шаарларына жумасына 36-37 каттамга чейин аткарат. Ошондой эле, жай мезгилинде Алматыга (Казакстан), Ташкентке (Өзбекстан) жана Ош шаарынан ички каттамдар аткарылган.

Кошумчалай кетсек, “Москва-Тамчы-Москва”  багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясы жумасына 3 жолу үзгүлтүксүз уча баштады. Муну менен, эл аралык авиакомпаниялар “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда учуу коопсуздугунун бардык талаптары аткарыларын тастыкташты.

– Каржы көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат бере аласызбы?

 Каржы жагы албетте, көбөйдү. Мурдагы жылдар менен салыштырсак болот. Мисалы, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо 2 миллиард 100 миллион сом киреше тапкан. Быйыл биз бул көрсөткүчтөрдү пандемияга карабастан ашып өттүк, ишкананын кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда 3 миллиард 21 миллион сомду, туунду компаниялар менен бирге 3 миллиард 136 миллион сомду түздү. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Каржы көрсөткүчтөр аба жүктөрүнүн эсебинен дагы өскөн. Пандемиядан улам унаа,  темир жол аркылуу келген жүктөргө чектөө киргизилгендиктен, жүк ташуучу каттамдар көбөйдү.

– Аэропорттун инфраструктура маселелерин кантип чечип жатасыздар? 

 Аэропортторду реконструкциялоо, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келебиз. Пандемияга карабастан биз бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Маселен, “Ош” эл аралык аэропортунда перрондун жасалма жабуусун реконструкциялоо, аэродромдун коммуникацияларын кайра уюштуруу жана учуу зонасында жүргүнчүлөр залын кеңейтүү боюнча иштер аяктады.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын имараты кеңейтилди. Ошондой эле, аэропортко келген жүргүнчүлөргө жана конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өзүнчө күтүү залынын имаратын куруу иштери башталды. Долбоорду 2022-жылдын башында бүтүрүү пландалууда.

– Жакында эле дүйнөдөгү эң чоң учак Ан-225 “Мрия” аэропортко келип конгон. Кандай тосуп алдыңыздар?

Ооба, ноябрь айынын аягында украиналык өндүрүүчүнүн Ан-225 “Мрия” деп аталган, авиациянын тарыхындагы 600 тонна салмактагы эн ири самолёту бизге учуп келди.  “Техникалык конуу” деп коет – бул  экипажды алмаштырганда же эс алууга кеткенде, учакты текшерүүдө жана башка учурларда конот. Белгилей кетсек, дүйнөнүн бардык аэропорттору бул учакты кабыл ала албайт. Ал буга чейин бизге бир нече жолу учуп келген.

– Келерки жылга пландарыңыз менен бөлүшсөңүз. Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыздар? 

Мен “МЭА” ААК Башкармалыгынын Төрагасынын кызматына киришкенде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менин алдыма конкреттүү милдеттерди койду – кызматкерлердин эмгек акысын жана компаниянын финансылык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу,  учуулардын географиясын кеңейтүү жана башка милдеттер бар эле. Жогоруда байкаган чыгарсыз, быйыл биз айтылган милдеттердин көбүн аткара алдык.

2022-жылы биз аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана учуулардын географиясын кеңейтүү боюнча иштерди улантабыз.

Мисалы, Будапештке (Венгрия) түз авиакаттам ачууну пландап жатабыз. Биз Венгриянын “Wizz Air” авиакомпаниясы менен келишим түздүк жана бул биринчи европалык авиакомпания, буга чейин бизде Европа менен аба байланышы болгон эмес.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу максатында биздин “Эйр Кей Джи” туунду компаниясына учактарды сатып алууну пландап жатабыз. Аны ички жана эл аралык каттамдарда колдонуу пландалууда.

Ошондой эле пландарда үч аэропорт боюнча долбоорлор бар:

– “Каракол” аэропортун реконструкциялоо.

– Өлкөнүн башкы аба портунун учуп-конуу тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүү керек, себеби 47 жыл бою жалаң жамоо иштери жүргүзүлдү.

– “Ош” аэропортунда аба жүк ташуучу борборду ачуу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: