КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Талас шаары боюнча ИИБнын ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас ИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалды.
Аталган тергөөчү, КРнын “С.Б.” аттуу жаранынан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.
2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны “А.Д.Д.” кармалды.
Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ