Menu

УКМК: Бирөөнүн $135 000 акчасын алдап алып, издөөгө алынган Бишкектин Октябрь райондук милицияынын кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

Мурда маалымдалгандай, УКМКга Кыргыз Республикасынын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р” кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.

2021-жылдын 12-декабрында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын КМКнын кызматкери “Р.С.” табылып кармалды.

Азыркы учурда С.Р. аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК “С.Р.” аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.

КР УКМК мамлекеттик органдар системасындагы, өзгөчө, укук коргоо системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: