Menu

Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө президенттик стипендияга ээ болуп, башкаларга үлгү болгон жаштардын эмгегин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө бүтүндөй билим берүү системасын реформалоо боюнча чаралар, иштелип чыккан программалар тууралуу айтып, ошондой эле студенттердин өзгөчө көңүлүн заманбап технологияларды өнүктүрүүгө жана чет тилдерин үйрөнүү маселесине бурду.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекет бардык окуучулардын ийгиликтүү билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатат.

Ал бир күн мурда «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» Жарлык чыкканын, анын негизинде жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери келишимдин суммасын 10 айга бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк болорун эске салды.

Мамлекет башчы буга чейин Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасына өлкөнүн жогорку окуу жайларына билим берүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышынын натыйжалуулугун текшерүү, эгерде бул чара өлкөнүн жогорку окуу жайларына зыян келтирбесе ЖОЖдордо контракттардын көлөмүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты.

Президент Садыр Жапаров студенттерге ак жол, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.

Президенттик стипендиялар 50 миң сом өлчөмүндө төмөнкүлөргө ыйгарылды:

  1. Абдапис кызы Токтокан — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
  2. Абдыкалыков Раатбек Кылычбекович — Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университети
  3.  Абдыласова Айпери Айбековна — Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  4. Абдыраманов Дастан Майрамбекович — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  5. Абиев Кадырбек Асилбекович — Ош мамлекеттик университети
  6.  Азамат уулу Баястан — Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети
  7. Азизбаев Кубат Саитдинович — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
  8. Айдарова Айгерим Азизбековна — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  9. Акималиева Жыпар Абтандиловна — Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  10. Акпаралиева Бегимай Бектуровна — Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети
  11. Алмазбеков Дастан Алмазбекович — Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университети
  12. Алтыбаев Эрлан Алтыбаевич — Эл аралык Кувейт университети
  13. Амангелдиев Эркин Эсенович — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы
  14. Аринова Жансая Муратовна — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  15. Асангулова Назик Кенжебековна — Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети
  16. Базарбекова Айсулуу Раимбековна — Ош мамлекеттик университети
  17. Бакишова Тинатин Темирбековна — Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети
  18. Бекболотова Айчолпон Бекболотовна — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргы-Өзбек эл аралык университети
  19. Беседина Анастасия Игоревна — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
  20. Болот кызы Айкерим — Ош мамлекеттик университети
  21. Гуламидинова Элянур Динмухаммедовна — Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  22. Доктурбекова Айдана Доктурбековна — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  23. Жаанбаева Жанылай Суюнбаевна — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргы-Өзбек эл аралык университети
  24. Жолдошбеков Бекзат Жолдошбекович — Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  25. Жумакадырова Нагима Шайлобековна — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  26. Зиялиева Акылай Кадырбековна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  27. Ибрагимова Азиза Жаудатовна — Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  28. Ильясов Айдарбек Жолдубаевич — Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы
  29. Кадыркулова Нуриза Азаматовна — Академик Усенгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети
  30. Казыходжаева Барчиной Умаруллаевна — Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
  31. Камалова Насиба Мураталиевна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  32. Камчибеков Бакытбек Боймуратович — Анашбек Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  33. Канатбекова Канайым Канатбековна — Кыргызстан эл аралык университети Окуу Илимий Өндүрүштүк комплекси
  34. Касымова Азиза Азатджановна — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  35. Келдибаева Айзирек Бакытбековна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  36. Керимбекова Алтынай Керимбековна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  37. Коржова Злата Вячеславовна — Борис Николаевич Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  38. Кулдашева Гульчехра Абдугапаровна — Баткен мамлекеттик университети Сүлүктү аймактык институту
  39. Кыдырмаева Алия Бактыбековна — Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  40. Максатова Кымбат Максатовна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  41. Мамасалы уулу Нурмухамед — Ош технологиялык университети
  42. Мамбет кызы Айназик — Талас мамлекеттик университети
  43. Масиркулов Эрнисбек Искендербекович — Батыралы Сыдыков атындагы Кыргы-Өзбек эл аралык университети
  44. Мирбеков Дастан Мирбекович — Академик Усенгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети
  45. Момунбекова Ай-Данек Момунбековна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  46. Мурзабек кызы Чачыкей — Баткен мамлекеттик университети Сүлүктү аймактык институту
  47. Мусабекова Жумагүл Мадалбековна — Ош мамлекеттик университети
  48. Мырзабеков Ислам Нурланбекович — Академик Усенгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети
  49. Мырзабекова Айзирек Мырзабековна — Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети
  50. Нуржанова Кымбат Нуржановна — Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы
  51. Паизова Гүлбарчын Толубаевна — Кыргыз Республикасынын Академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы
  52. Пирматов Элмирбек Каримович — Ош мамлекеттик юридикалык институту
  53. Ризаев Темирлан Раушанбекович –Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университети
  54. Райымбекова Бегимай Бактыбековна — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
  55. Советбек кызы Бүниса — Анашбек Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  56. Сотников Богдан Владимирович — Борис Николаевич Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  57. Сулайманова Айжамал Жалиловна — Академик Усенгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети
  58. Султанова Жибек Таалайбековна — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  59. Таалайбеков Байаман Таалайбекович — Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  60. Таджидинов Абдунаби Суйунтбекович — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  61. Тажибай уулу Талгатбек — Ош мамлекеттик университети
  62. Тажидин уулу Тимурлан — Ош мамлекеттик юридикалык институту
  63. Тазабекова Арууке Тазабековна — Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети
  64. Темирбекова Айдай Темирбековна — Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  65. Тилекабылов Эрбол Мелисбекович — Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  66. Топоева Жылдыз Акжоловна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  67. Топчубаев Максатали Абдулвахобович — Ош технологиялык университети
  68. Туташева Акбермет Зарыпбековна — Академик Усенгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети
  69. Уланбек уулу Мээримбек — Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети
  70. Умарова Мохира Хасанбаевна — Баткен мамлекеттик университети Сүлүктү аймактык институту
  71. Усайырова Чолпонай Кабаевна — Талас мамлекеттик университети
  72. Хегай Елена Владимировна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  73. Цой Данил Евгеньевич — Борис Николаевич Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  74. Чекербаева Гюзаль Нурлановна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  75. Шакирова Алтынай Мирлановна — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
  76. Ырысбаев Эрзамат Ырысбаевич — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  77. Ырысбек кызы Нуркан — Ош мамлекеттик университети
  78. Эгембердиева Алия Дамировна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  79. Эрмаматова Алдина Искендеровна — Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  80. Ясынова Аида Маратовна — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: