Menu

“Айыл Банкка” нааразы дыйкан-фермерлер митингге чыкты

Бөлүшүү:

Жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай жатканын айтып даттанды.

Алардын сөзүнө караганда, өкмөт быйыл октябрь айында “Айыл Банк” аркылуу 4,5% насыя берилет деп убада кылган. Дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. Бирок, кийин “Айыл Банк” акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болууда.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун айткан.

Президенттин тапшырмасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Айыл Банктын” ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерип, “Айыл Банк” тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү насыяларды мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча “Айыл Банктын” жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы “Айыл Банкы” болуп 2006-жылы түзүлгөн. Банк калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арзан үстөк пайыз менен насыя берет. “Айыл Банктын” башкармалыгынын башчысы Уланбек Букабаев буга чейин “Азаттыкка” айтканына караганда, “Айыл Банктын” портфелинде 16 млрд. сом бар. “Айыл чарбаны каржылоо” (ФСХ) долбоорунун негизинде 2021-жылы мамлекет тарабынан тогузунчу жыл атайын каражат каралып, мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүнгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: