Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын 10дой арыздары катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн «Фархад» аттуу тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан акча алып жүргөн (ал жабырлануучулардан 33 000, 75 000, 130 000, 350 000 сом, 7 000 $ , 17 000 $, 19 000 $) ар кандай суммадагы акчаларды алып жүргөнү аныкталган, келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталып жатат. Алган акчасын кайтарып бербей, убадасын аткарбай, из жашырып кеткен.
Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши КР Кылмыш-жазык кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп, Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан
36-жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Урматтуу жарандар!
Эгерде жогорудагы жарандын колунан жапа чеккен болсоңуз, анда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө же 0 (701) 45-55-94, 0 (550) 33-65-80 телефондор аркылуу кабарлаңыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ