Menu

Сокулук районунда бирөөнүн жер тилкесин ээлеп алуу жана алдамчылык фактыларына шектүү аял кармалды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 4-ноябрь күнү Сокулук РИИБүнө 1979-жылы туулган Т.Г. арыз менен кайрылып, бейтааныш аял башка адамдардын ишенимине кирип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 295-контурдагы арыздануучуга таандык жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба
багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1976-жылы туулган К.Ы. аттуу аял кармалган.
Териштирүү учурунда кармалган аял 2014-жылдан тарта  бир топ жаран менен биргелешип,  бирөөнүн 5,4 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер экенин билип туруп, мыйзамсыз 2 гектар жерин башка жарандарга курулуш куруу максатында сатып жибергени маалым болгон.
Көз карандысыз эксперттер тарабынан жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгым 40 000 000 сомдон ашык бааланган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүү аял үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жогорудагы контурдан башка бирөөгө таандык 0,4 сотых жер тилкесин
мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жибергени аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 200 000 сомго бааланган.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: