Menu

Бийликти басып алууга даярданган деп айыпталып камалган депутат Бакыт Жетигенов бошотулганы кабарланды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновду 22-декабрда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында, депутат сот залынан бошотулган.

Чечим түнкү саат 23:00дөн өтүп чыкканы айтылды. Райондук соттун басма сөз кызматы расмий маалымат бере элек.

Жогорку Кеңеш 22-декабрда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес.

Буга чейин ушундай эле жол менен депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга уруксат алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

УКМК Бакыт Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: