Menu

УКМК: Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды

Бөлүшүү:

Мурда маалымдалгандай, УКМК башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет К.Досоновго карата тергөө иштери аяктады.

Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында К.Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.

Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, К.Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: