Аламүдүн районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрь күнү Аламүдүн РИИБнө ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы жашоочусу У.К. бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Бул факты Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Окуянын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ