Menu

Республикадан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлашы тийиш.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашы зарыл.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: