Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты.
Анда Кыргызстан Казакстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү катары мыйзамдуу бийликтин жардам берүү чакырыгын четке кагууга укугу жок экени жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарары айтылган.
Кайрылууда Министрлер кабинети акыркы учурга чейин Казакстандын эли жана жетекчилиги ички маселелерди өз алдынча чече аларына ишенгени айтылат.
6-январга караган түнү Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден ЖККУнун алкагында колдоо көрсөтүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн. Кеңешүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен куралдуу күчтөрдүн чектелген контингентин Казакстанга жөнөтүү маселесин парламенттин кароосуна коюуну чечкен.
“Ошол эле учурда Кыргызстандын аскер бөлүгүнүн ролу стратегиялык объектилерди коргоо менен гана чектелип, карапайым калк менен эч кандай өз ара аракеттенүүнү же коомдук тартипти камсыз кылуу жоопкерчилигин камтыбашы керек”, – деп айтылат кайрылууда.
Жогорку Кеңештин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйыны кворумдун жоктугунан 7-январга жылды.
Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 39 гана депутат өттү.
Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Парламенттин алдында кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ