Menu

УКМК: Казакстандагы баш аламандык учурунда Кыргызстандын 5 жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК өлкөнүн күч органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлигинен турган компетенттүү түзүмдөр тарабынан Казакстандык кесиптештер менен Казакстанда белгилүү болгон трагедиялуу окуяларга байланыштуу оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын тактоо маселеси боюнча тиешелүү эки тараптуу байланыштар уланып жатканын маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 10-январь кечине чейин укук коргоо органдарынын тергөө-процессуалдык иш-чараларынын жыйынтыгында баш аламандык учурунда Кыргыз Республикасынын 5 жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды. Алардын жакындары менен байланышуу жүргүзүлдү.

Тараптардын компетенттүү түзүмдөрүнүн биргелешкен иликтөө иштеринин натыйжасында, Викрам Рузахунов бошотулуп, азыркы учурда КР тиешелүү мамлекеттик органынын кызматкеринин коштоосунда Кыргызстанга кайтып келе жатат.

Учурда республиканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрү менен биргеликте жарандарга зарыл саясий-укуктук жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын. Бул жагдай боюнча такай консультациялар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Азыркы учурда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан жарандар, анын ичинде Кыргызстандыктар да тиешелүү текшерүү иш-чараларына алынып, андан кийин бошотулууда, ошондуктан Казакстанда жүргөн мекендештерди сабырдуулукка чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: