Menu

Тоо-кен компаниялардан түшүүчү каражаттарды региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык жүрөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматты «Ачык бюджет» – budget.okmot.kg порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү.

Эми өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн режимде көрө алат.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн ачылган.

Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, натыйжада, алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: