Menu

ИИМ: Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдагы абактан коё берилди

Бөлүшүү:
Бүгүн, 15-январь күнү Казахстан Республикасынын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт жарандарыбыз абактан кое берилди.
Кыргыз Республикасынын Казахстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казахстандагы Өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.
Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казахстандын аймагында калышаарын билдиришкен.
Өз кезегинде кыргызстандыктар Казахстан Республикасынын ИИМнин Казакстандагы Өкүлчүлүгү жана Казахстан Республикасынын Башкы консулдугу дарегине ыраазычылык сөздөрүн билдиришти. “Дүйнө кайдыгер эмес, сезимтал, ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр адамдарга кармалып турат. Сиздердин жардам өтө баалуу жана эч качан унутулбайт” – деп белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: