Menu

Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жарандар кармалды

Бөлүшүү:

17-январь күнү Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Атай айыл аймагынын 1974-ж.т. К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-январь түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Тогуз-Торо РИИБдин жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 17-январь күнү Бишкек шаарынын Ош базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. тургуну М.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. 16-январь күнү дагы бир Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. Ж.М. аттуу кылмыштуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап келишип, союп, эттерин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып кеткендиги такталган жана тиешелүү далил буюмдар табылган.

Тогуз-Торо районунда адвокат жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: