Menu

УКМК: «Азия Молл» соода борборуна жардыруучу зат коюлган деп жалган билдирүү жасаган “Т.И.” аттуу жаран кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК 2022-жылдын 20-январында Бишкек шаарындагы “Азия Молл” соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында төмөнкүлөрдү билдирет:

Жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин КР УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана Соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган.

КР ИИМнин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

Ошол эле учурда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюлдук номурдун ээси Кыргыз Республикасынын жараны «Т.И.» аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: