Menu

Руслан Казакбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигеки Маэда менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты

Бөлүшүү:

Кечээ,  26-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигеки Маэданын жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашуу болду.

Министр Р.Казакбаев эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго даректелген кайрылуусун кабыл алып, өз кезегинде Мамлекет башчысынын Япониянын Премьер-министри Фумио Кисидага даректелген куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушууда КРнын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Т.Мамытовдун Япония Парламентинин Кеңешчилер палатасынын Президенти Санто Акико айымга жана Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Хироюки Хосода мырзага даректелген куттуктоо каттарын тапшырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде куттуктоо каттары менен алмашышты.

Министр Р.Казакбаев менен Япониянын Элчиси С.Маэда отуз жылдын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүдө жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Япония өкмөтүнүн колдоосун өзгөчө белгиледи.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун кеңейтүүгө, ошондой эле билим берүү жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү жаатындагы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча мындан ары тыгыз иш алып барыла тургандыгына ишеним артты.

Өз кезегинде Япониянын Элчиси С.Маэда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарындагы сөз эркиндиги, демократия жана адам укуктары сыяктуу негизги фундаменталдык баалуулуктарды бекемдөөдөгү аракеттерин белгиледи. Ал япон тараптын мындан ары да Кыргыз Республикасындагы экономикалык жана социалдык реформаларга көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргызстандын IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында Япониянын Элчиси Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода кылуу боюнча Япония ассоциациясы (ROTOBO) жана Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Кыргызстанда маалымат технологиялары чөйрөсүндө семинарларды өткөрө тургандыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку жана бийик деңгээлдеги иш сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: