Menu

УКМК: 2010-жылы майда улутташтырылган «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагындагы 56 батир, 27 коттедж, 10 гектар жер тилкеси ошол кездеги Президенттик аппараттын, Жогорку соттун кызматкерлери катышкан коррупциялык схемалар аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу макулдашуусу боюнча фактылар аныкталды.

2010-жылдын май айында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан 97 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин кирешесине алынган.

Бирок кийинчерээк бул объекттердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекеттин менчигине өтүп, ал эми калган 56 батир жана 27 коттедж Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен татаал коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен мыйзамсыз түрдө жеке менчик структуралардын менчигине чыгарылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп “А-А ПМК” ЖАКнын мурдагы башкы директору “Ч.В.Ю.”, ошондой эле анын жактоочусу жана ал менен аффилиацияланган башка адамдар экендиги аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапканы тууралуу тергөө тиешелүү далилдерди тапты.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси – “К.А.В.” кармалып, 2022-жылдын 7-февралында ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдөгү Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында жайгашкан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу түрүндөгү зыян келтирилгенин белгилейт.

Учурда иш боюнча жогорудагы схеманын 4 катышуучусу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын ичинен 3 адам камакта, тергөө амалдары жүрүп жатат жана жакынкы арада кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларга карата, кимдин аракетинде кылмыштын курамы аныкталса, тиешелүү процессуалдык чечимдер чыгарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: