Menu

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин  1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

–  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешине,  Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине, жекшембиге дайындалсын.

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

– шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүү;

– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

– маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтүү.

Мындан тышкары, шаар мэрлерине жана мамлекеттик администрация башчыларына шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: